15-январда саат 12:00дө Бишкек ШИИБдин «102» кызматына шаардагы мейманканалардын биринен чакыруу түшкөн. Анда бир күн мурун келгендердин бири эшикти ачпай жатканы айтылган.
Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталган. Жерине барган милиция кызматкерлери кызды асынган абалда табышкан. Анын 2001-жылы туулган Н.Ф. аттуу жаран экени аныкталган.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында керектүү экспертизалар дайындалган. Алардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.