Бишкектеги мектеп директорлор Балбак Түлөбаевди 1 миллиард сом айыпка жыгууну талап кылууда

Борбор калаадагы мектептердин 50 директору Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевди 1 миллиард сом айыпка жыгып, кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылууда. Бул тууралуу орто мектептер менен мектепке чейинки мекемелердин жана башка билим берүү мекемелеринин директорлор ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, борбордогу билим берүү мекемелеринин жетекчилери Балбак Түлөбаевдин негизсиз жана атайылап жалган жалаа жапкандыгы үчүн Жогорку Кеңештин төрагасынын атына арыз жазышкан. Алардын пикиринде, депутат мугалимдерди оор жана өзгөчө оор коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн негизсиз айыптады.

«17-майда Жогорку Кеңештин жыйындар залында өткөн «Билим берүү жана улуттук коопсуздук» аттуу тегерек столдо аны жетектеген Балбак Түлөбаев жылына 20 миллион долларга жакын акча пара түрүндө Бишкектеги мектеп директорлорунун чөнтөгүнө кетип жатканын айтты. Башкача айтканда, алар окууга киргизүү үчүн ар бир баладан 500 доллардан алышат имиш. Эгерде депутат ушундай олуттуу айыптарды коюп, балдарды мектепке киргизүү үчүн канча пара алганын көрсөтсө, бул анын төгүнгө чыгаргыс далилдери бар экенин, демек, ал расмий адам катары кылмыш боюнча жазуу жүзүндө же оозеки арыз менен кайрылууга тийиш дегенди билдирет», — деп билдиришти бирикмеден.

Алар өлкө жетекчилигинен Балбак Түлөбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (кылмыш жөнүндө билип туруп жалган билдирүү) менен соттоп, үч жылга эркинен ажыратууну, ошондой эле моралдык жактан зыян келтирилгени үчүн Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын пайдасына депутаттан борбор калаада 20дан ашык жаңы мектепти куруу үчүн 1 миллиард сомдон ашык акча каражатын өндүрүүнү сунуштады.