Бишкектеги оорукана жана бир катар турак үйлөр жылуулуксуз калды

Бишкектеги оорукана жана бир катар турак үйлөр жылуулуксуз, ысык суусуз калды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн саат 17:00гө чейин Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда, Фурманов көчөсүндөгү №16 үйдө, Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги №21 үйдө жана Севастополь көчөсүндөгү №20 үйдө ысык суу жок болот.

«Бишкек жылуулук түйүнү» ишканасы оңдоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.