Бишкектеги ооруканада операциядан чыккан бейтапты тепкич менен түшүрүп бара жаткан сүрөт тарады

Бишкектеги №1 ооруканада тартылган сүрөт тарады. Аны социалдык тармактын колдонуучусу Гүлзат Мамытканова бөлүштү.

«Ак халатчан өмүр сакчылары оорулуунун өмүрү менен алышканы аз келгенсип, операциядан чыккандарды тепкичтен көтөрүп түшүшкөнү кандай? Эмне үчүн мамлекеттик ооруканаларга көңүл бөлүнбөйт? Менин көзүмчө эле 3-4 адамды операциядан кийин ушинтип алып чыгышты. Лифт көптөн бери иштебейт экен», — деп жазды ал.

Буга чейин депутат Максатбек Сарбагышев Улуттук госпиталда лифт иштебей, комада жаткан бейтапты тепкичтен көтөрүп түшүрүлгөнүнө күбө болгонун айткан эле.