Бишкектеги «Панфилов» сейил багында аттракциондорго жайкы арзандатуулар башталды

Бишкектеги «Панфилов» сейил багындагы аттракциондорго жайкы арзандатуулар башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ар шаршемби күндөрү саат 11:00дөн 18:00гө чейин сейил бактагы аттракциондорго 50 пайыз арзандатуулар болот. Аттракциондор 80 сомдон эмес, 40 сом болот. Айлампа, кичи зоопарк жана 12D кинотеатры 70 сомдон болот. Акция жайдын аягына чейин уланат.