Бишкектеги сейил бакта аттракциондун кабинасы кулаган сүрөт тарады

Бишкектеги Панфилов сейил багында аттракциондун кабинасы кулады. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирип, сүрөт менен бөлүшкөн. 

«23-мартта Панфилов сейил багында аттракциондун кабинасы кулаган учурду көрдүк. Ичинде 2 бала отурган. Болжолдуу 2 метр бийиктиктен кулады. Балдар коркуп калышты. Алып чыкканда бири башын, экинчиси артын кармады. Аттракциондордун сезону башталды, тийиштүү органдар коопсуздугун карашса жакшы болмок»,- деп жазган күбө.