Бишкектеги сейил бакта жоогазындар гүл ачты (видео)

Өкмөт кичи сейил багында жоогазындар гүлдөдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Аларды өткөн жылдын күз айында «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери отургузушкан.

«Жоогазындар гүлдөп бүтөрү менен, тамырын кылдаттык менен казып, кургатып, кийинки күздө кайрадан гүлзарларга отургузушат. Урматтуу шаар тургундары, гүлдөргө, шаарга кам көрүп, сак болуп, уурулук боюнча кичине эле шектенүү пайда болгон учурда милицияга кайрылыңыздар», — дешти.