Бишкектеги тыгында аялдын толгоосу башталган. Аны милиция төрөтканага жеткирди (видео)

Бишкектеги Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери толготуп жаткан аялды убагында төрөт үйүнө жеткиришти.

20-февраль күнү патрулдук кызматкерлер жол тыгын убагында такси унаасында толготуп жаткан аялды байкашып, төрөт үйүнө жеткирип, дарыгерлерге тапшырышкан.