Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги түнкү окуяда жабыркагандар тууралуу маалымат таратты.
Бүгүн, 18-майга караган түнү Тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15 адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калганына жеринде жардам көрсөтүлдү.
Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен. 12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат: жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.
2025-жылдын 23-январында Камчыбек Ташиев үч эм төрөлгөн жаш үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. 2026-жылдын 21-январында ЖМК аркылуу Талас облусунда...
21-январда “Жылдын мыкты мугалими – 2025” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү Элзат Асанова мамлекет тарабынан убадаланган бир бөлмөлүү батирдин ачкычын колуна алды....
2026-жылдын 17-январында Т.А. жана Октябрь РИИБдин кызматкери, милициянын лейтенанты А.Э.Б., КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (опузалап акча талап кылуу)...
Социалдык тармактарда жарандар тарабынан кыргыз тилин шылдыңдаган видео материал жарыяланып, коомчулукта кеңири талкуу жараткан. Аталган факт Бишкек ШИИББдин Маалыматты каттоо...
19-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү....