Бишкектеги «Улуу Тоо» ресторанында массалык уулануу болду

Бишкектеги «Улуу Тоо» ресторанында массалык уулануу болду. 27 адам жабыркаган, “Кыз узатуудан» кийин дагы 12 адам ууланганын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Бул фактылар 15 жана 18-апрелде катталган. Ресторан Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы Кылмыш-жаза кодексине ылайык 18 миң сом айып пул салып, 23-апрелден тарта ресторандын ишин токтотуу боюнча санитардык корутунду чыгарган.