Бишкектеги үч мектепте окуучулар класска бут кийимин чечип киришет

Бишкектеги үч мектепте окуучулар класска бут кийимин чечип киришет. Мэриядан билдиришкендей, пилоттук долбоор иштей баштады.

Маалыматка караганда, бул бут кийим алмаштыруу долбоору азыркы тапта Свердлов районундагы №21, Биринчи Май районундагы №81 жана Ленин районундагы №84 орто мектептеринде иштеп жатат. Долбоордун максаты имарат ичинде тазалыкты сактоо, окуучуну өзүн алып жүрүү маданиятына жаштайынан көндүрүү болуп саналат.