Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлору дем алыш күндөрү да иштемей болушту

Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлору дем алыш күндөрү иштей турганын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, бейтапканалар алты күн иштөөгө өтүштү. Ал эми жекшемби күнү саат 14:00гө чейин иштешет. Буга чейин ата-энелер борбордогу балдар ооруканаларындагы кезекке нааразы болушкан болчу.

Иштөө графиги:

Ошондой эле, дарыгерлер жекшемби күндөрү шаардык балдар клиникалык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө саат 08:00дөн 14:00гө чейин жана 14:00дөн 20:00гө чейин нөөмөттө болушат.  Бейтаптар бул убакыттын аралыгында ийне да сайдыра алышат. Бул үчүн дарыгердин жазуу түрүндөгү кагазы болуусу шарт.