Бишкектен Ош, Жалал-Абадга каттаган таксилер мындан ары «Ош базардан» эмес, автобекеттен кетет

Мындан ары такси каттамдары автобекеттерден гана жолго чыгышат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

«Ош базардын» тегерегиндеги баш аламан орун алган такси кызматынын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен, баарын автобекеттин ичине орун берип, киргизүүдө. Себеби, сыртта өз алдынча каттамга чыккан такси кызматтарына көзөмөл жок болуп, алар каалаган учурда бир сутка ичинде эки жолу каттамга чыгып, чарчаңкы психологиялык жактан даяр эмес, унаанын техникалык абалына көңүл бурулбай, айдоочу өзү уктап кетип, жол кырсыктарына кабылган фактылар кездешүүдө. Ал эми aвтобекетте алыскы аймактарга каттаган таксилердин баарына көзөмөл жүргүзүлүп, кезек-кезеги менен каттамга чыгарылып, баардыгы атайын журналга катталып, унаалардын техникалык абалына да көзөмөл жүргүзүлүп турат», — дешти.

Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!

Биздин Телеграм канал: @serepkg