Бишкектен Сокулукка жаңы автобус каттамы иштей баштады

Бүгүн, 19-декабрдан тарта Бишкек-Сокулук (Сары-Өзөн) багытында жүргөн муниципалдык автобус каттамы ишке кирет. Акыркы аялдама тоок фабрикасында жайгашат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Күн сайын 25 автобус каттамга чыгат, жүрүү аралыгы 10-14 мүнөттү түзөт. Бишкек шаарынын аймагында 20 сом. Ал эми Сокулукка чейин жол кире акысы 35 сом.

Автобус каттамы Сокулук районунун тургундарынын өтүнүчү менен ачылды. Жол кире акысы Сары-Өзөн  айылдык кеңешинин чечими менен 35 сом болуп бекитилди.

Ошондой эле туруктуу каттам ачылгандыктан, убактылуу иштеп жаткан №19 автобус каттамы ишин токтот. Бажы жана каттоо процедураларын аяктаса, Isuzu үлгүсүндөгү автобустарга алмаштырылат.