Бишкектен Ысык-Көлгө жол кире 600 сомго чейин көтөрүлгөнү айтылууда

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектен Ысык-Көлгө жол кире 600 сомго чейин көтөрүлгөнүн жазып жатышат.

Маалыматтарга караганда, жол кире мурда Караколго чейин 500 сом болчу. Ал эми азыр 600 сом болууда.

Буга чейин ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан Жаңы жылга карата жол кире акы көтөрүлбөрүн билдиришкен.