Бишкектин административдик соту «Социал-демократтардын» доо арызын канааттандырган жок

Бишкектин административдик соту «Социал-демократтар» партиясынын доо арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Партия Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон четтетүү боюнча Бишкек аймактык жана борбордук шайлоо комиссияларынын чечимдерин жокко чыгарууну суранган.