Бишкектин Ак-Босого конушунда суу өчүрүлөт

25-февралда саат 9:00дөн 15:00гө чейин Бишкектин Ак-Босого конушунда турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Ичүүчү суу «Ак Босого-1», «Ак Босого-2» суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.