Бишкектин борбордук бөлүгүндө газдын жыттанышы. «Газпром Кыргызстан» ишканасы эмне дейт?

Шаар тургундары Бишкектин борбордук бөлүгүндө жана башка аймактарында газ жыттанып жатканын кабарлашты. Ал эми «Бишкек сегодня» Telegram-каналында газдын жыты «Айчүрөк» соода борборунун аймагында, Чүй проспекти менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишкен жеринде да сезилип жатканын айтышууда.

«Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалымат кызматы «Бишкек газ» филиалынын авариялык кызматтары Бишкекте газдын жыты чыгып жатат деген жерлерди атайын жабдуу менен карап чыгышканын билдирди. Ага ылайык, текшерилген жерлердеги абадан метандын изи табылган эмес.