Бишкекте кулаган тик учак. Жогорку Кеңеште 1 күндүк маянаны которуу сунушталып, өткөн жок

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов Бишкекке жакын жерде аскердик тик учак кулап, каза болгондор жана жабыркагандар бар экенин эске салды.

«Тик учактан каза болгон учкучубузга, жабыркагандарга жардам берүү боюнча. Эгер мамлекеттик кызматкерлер макул болсо, тик учакты ордуна келтирүүгө 1 күндүк маяна бөлүп берүүгө деп сунуш бердим», — деди депутат.

Сунуш добушка коюлду. Бирок өткөн жок.

17-январда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кыйраган. Коргоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, тик учактын кыйрашынан 11 адам жабыркап, бир аскер кызматчысы каза болду.