Бишкектин Чүй проспектисинин дагы бир бөлүгү жабылды

Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Ага ылайык, 22-июлдан тарта Чүй проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды.
Чүй проспектисинде жол тилкеси Манас проспектисинен Т.Айтматов көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.