Текебаевге кол салуу болгон күнү муниципалдык автобустарда кимдер болгону шаардык кеңеште көтөрүлдү

«Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгон күнү топтошкондорго муниципалдык автобустарды ким тараткан?» – деп сурады Бишкек шаардык кеңешинин депутат Кадыр Атамбаев мэрге кайрылып.

«Эч ким автобустарды тараткан эмес. Укук тартибин камсыз кылуу максатында өздүк курамды ташуу үчүн транспорт берүү өтүнүчү менен ШИИБден расмий телефонограмма келген. Мындай практикада бар», — деп жооп берди мэр Айбек Жунушалиев. Бишкек шаарынын мэри автобустар ачууланган топту ташыган дегенге эч кандай далил жок экенин баса белгиледи. «Алардын ичинде милиция кызматкерлери болгон», — деди ал.

1-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгон. Анын жардамчысы «Текебаев Парк Отелде» отурган жеринде 3 бусик менен 100дөй киши келип, кол салып, телефонун, көз айнегин алып кетишти», — деп жазган.