Бишкектин көчөлөрүндө тыгын жок экени, унаа кыймылы жайлаганы айтылды

Милициянын кайгуул кызматы Бишкектин көчөлөрүндө тыгын жок экени, унаа кыймылы жайлаганын айтты.

Маалыматка караганда, окуу жылынын башталышына байланыштуу унаалар жай жүрүүдө. «Бул көрүнүш болжол менен сентябрдын аягына чейин, унаалар трассанын топтолушуна көнгөнгө чейин созулат», — деп айтылат маалыматта.