Бишкектин Сухэ-Батор көчөсү жана Аламүдүн дарыясындагы көпүрө унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкектин Сухэ-Батор көчөсү жана Аламүдүн дарыясындагы көпүрө унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол Каралаев жана 7-апрель көчөлөрүн бириктирген. Төрт тилкелүү жол жана көпүрө “Бишкек жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында курулган. Жолдун узундугу 700 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы Түштүк БЧКнын эки тарабында 8 метр, жалпы туурасы 16 метр. Жолдун эки тарабына туурасы 2,25 метр тротуарлар жана ирригация төшөлдү.