Бишкектин тургуну мурдагы күйөөсү тарабынан сабалганын айтып чыкты. Милиция иш сотко өткөнүн билдирди

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу Бишкекте көчөдө мурдагы күйөөсү тарабынан сабалганын, бирок милиция эч кандай иш алып барбай жатканын жазып чыккан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден окуя боюнча маалымат беришти.

Аталган факты боюнча Ленин РИИБге 22-апрелде аял киши кайрылып, мурдагы күйөөсүнө чара көрүп берүүнү суранган. Ошол күнү болжолдуу саат 19:30 чамасында Табышалиев көчөсүндө эч себепсиз сабалганын айткан. Факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жаран ден соолуктун бузулушуна алып келбеген зыян тарткан деп эсептелген. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө жогорудагы адамга карата Жазык-процессуалдык кодексинин негизинде чара көрүү үчүн материал Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүп берилген. Учурда чогултулган материал Ленин райондук сотуна жөнөтүлгөн.