Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулунун кармалганы айтылууда

Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулу кармалды Бул тууралуу ЖМКлар өз булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал кечээ, 24-июлда камакка алынган. Ал УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан кармалган. Ал эми тийиштүү орган бул боюнча маалымат бере элек.