Өзгөн райондук администрациясынын алдында эл чогулуп жатат. Алар Кемпир-Абад маселесине байланыштуу нааразычылыгын билдиришүүдө.
Чогулгандардын бири «Кемпир-Абад бизде калсын деп келдим. Мекеменин ичиндегилер «булардын иши жокпу, түшкү тамак үчүн келишти» деп сүйлөшүп жатканын угуп калдым. Биз өз каалообуз менен келдик» деди.