«Биздин үнүбүз эч жакка жетпей жатат». Бишкекте митинг өттү

Бүгүн, 14-февралда Өкмөт үйүнүн алдында митинг болуп өттү. Чогулгандар Тажикстандагы Кыргыз жарандарын чыгарып берүүнү суранышты.

Алар колдоруна «Биздин үнүбүз эч жакка жетпей жатат», «Тажикстандагы жарандарга боштондук», «Тажикстандагы Кыргыз жарандарын чыгарып берүүнү суранабыз» деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.