Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 37 жаштагы Айсана Султанова кайрылып, ушул жылдын 7-мартында Ошто 3 эм төрөгөнүн, мамлекет тарабынан 50 миң сом берилгенин айтып, “Бизге да эл катары үй берип коюшса жакшы болмок” деген.
«Учурда жолдошум экөөбүз 7 баланы тарбиялап жатабыз. Мен 3 эм төрөгөндө Ош шаардык мэриясы 50 миң сом берген. 3 эмдин экөөсү кыз, бири уул. Мөлтүр, Айдар, Мүрөк деп ат койгонбуз. Бизге да эл катары үй берип, эл катары сүйүнтүп коюшса дейм. Азыр биз шарты жок Ош шаарынын четиндеги үйдө турабыз. Үйүбүз мүрзөлөрдүн жанында. Жайында чаян чагып албаса экен деп коркуп уктабайм. Кышында болсо, кичинекей үйгө көмүр жагып алып, ис чыгып өлүп калбайбызбы деп корком”, — деген эле.
Бүгүн, 11-ноябрда келин редакция менен байланышып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кабыл алганын, 3 бөлмөлүү батирге сертификат бергенин, Садыр Жапаровдун атынан 500 миң сом берилгенин билдирди.