Блогер Улукбек Карыбек уулу 4 сааттан ашуун сурак бергенин айтты

Блогер Улукбек Карыбек уулу 4 сааттан ашуун сурак берип чыкканын айтты. Ал кечээ, 11-январда Ысык-Ата РИИБге саат 16:00гө суракка чакырылганын билдирген.

«Мен сурактан чыктым. Ысык-Ата РИИБде сурак бердим. Саат 16:00дө киргем. Дээрлик 4,5 саат сурак бердим. Чакырылган себебин толук айта албайм. Баары жакшы. Эч кандай кысым, укугум одоно бузулган жок. Бир материал боюнча менин үстүмөн арыз түшүптүр. Тергөөчүлөр өз ишин кылып жатышат. Тергөө уланат экен», — деди ал.