«Бойдокмун». «Краш» деп атыгып кеткен чек арачы өзү тууралуу айтып берди

Баткенде Тажикстандын кол салуу учурунда УКМКнын Чек ара кызматы «бир сантиметр жерибизди да бербейбиз» деп айтылган видео жарыялап, андагы чек арачы «краш» атыгып кетти.

Ал соцтармактагы баракчасында катталуучуларына өзүн тааныштырып, өзү тууралуу айтып берди. Жигиттин аты — Эламан. 22 жашта. Чүй облусунун Токмок шаарында чоңойгон. Учурда Бишкек шаарында жашайт. Түрк лицейинде окуп, Орусиядан аскердик университетти аяктап келген. Үйлөнө элек.

Колдонуучу ага «капыстан популярдуу болуп кеткен жактыбы жана эмнеси жаккан жок» деген суроо берген. Ага жигит: «Менин учурумда популярдуу деген сөз жакпайт. Таанып жатышат деген сөз жөндүү болсо керек. Ошол учурда 2-3 сөз элибизге дем берерин билбептирмин. Бирок мени өкүндүргөнү, мен бул таанып жатышканына татыктуу болбогонум», — деп жооп берди.

Ал ошондой эле ушундай ынтымактуу эл болгонубузга сыймыктанып жатканын айтты. «Мени таанышып сүрөткө түшкөнү кубандырат, бирок ушундай учурларда өзүмдү оңтойсуз сезип калам. Мен ушундай ынтымактуу элим бар экенине сыймыктанам», — деди ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чек ара кызматынан билдиришкендей, жигит Чек ара кызматынын маалымат кызматында иштейт.