Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы эл аралык лицензиялык мелдешке катышат. Олимпиадага жолдомо бере турчу акыркы турнир Бангкок шаарында (Таиланд) 23-май күнү башталат. Анда эркектер арасында жалпы 28 лицензия ойнотулуп, Кыргызстандын атынан 6 мушкер күч сынашат.
Бүгүн, 21-майда УКМК төрагасы – Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев 24-майда Бангкокто өтө турчу лицензиялык олимпиадалык турнирге катыша турган Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы менен жолугушуу өткөрдү. Ал улуттук курама командага олимпиадага лицензия алууда ийгиликтерди каалап, ар бир кыргызстандык спортчуда мекенге болгон сүйүү күчтүү болсо, талыкпай эмгектенип, тынымсыз аракет кылса, сөзсүз ийгиликти багындыра тургандыгын белгиледи.
Өз кезегинде спортчулар жана машыктыруучулар өлкө президентине жана Улуттук бокс федерациясынын вице-президентине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да өлкөнүн желегин бийик желбиретип, байгелүү орундарга ээ болуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайбыз деп убада беришти.
Депутат Эльвира Сурабалдиева акыркы окуяларды эске алуу менен "саясий өзгөрүү” болобу деген суроо узатты. Бул тууралуу "Спутник" жазды. “Жаран Башкы...
Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жаза аткаруу кодексине, Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү...
14-февралда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери №1 ШМБнын нөөмөт бөлүмүнүн жардамчысы Болотбек уулу Эламан жана №1 ШМБнын...
Агартуу министрлиги окуучулардын жазгы эс алуусу кыскарып калганы тууралуу келип түшкөн кайрылууларды жана өтүнүчтөрдү карап чыгып, тиешелүү чечим кабыл алды....
Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында гепатит ооруларын алдын алуу жана республикадагы гепатиттер боюнча жалпы...