Болгарияга бармакчы болуп, Стамбулда жоголуп, кийин табылган кыргыз кыз. Жаңы жагдайлар айтылды

Стамбулда эки аптадан бери дайынсыз болуп жаткан кыз кечээ, 5-июлда аман-эсен табылган.

20 жаштагы кыргызстандык Жазгүл Шамуратованы кабыл алган Кадыкөй шаарынан Севинч Куртулуш аттуу ишкер айым маалымат каражаттарына окуянын чоо-жайын айтып берген. Анын маалыматы Haberton басылмасына жарыяланды.

Маалым болгондой, Жазгүл 24-25-июнь күндөрү Кадыкөйдө болгон жана жергиликтүү тургундар кызды аймактык полция бөлүмүнө алып барышканы айтылган. Анын Хасанпаша полиция бөлүмүнө кирип-чыгып кеткен учурлары видео камераларга түшүп калган. Севинч Куртулуш кыргызстандык менен болгон сүйлөшүүнүн чоо-жайын айтып берди. «Мен аны Кадыкөйдө жолуктурдум. Бир кафеге келдим, ал жерде досум Хакан бей бар болчу, ал мени орусча билгеним үчүн чалып чакырган экен. Мен кыз менен сүйлөштүм, ал Болгариянын Варна шаарына барышы керектигин айтты. Стамбулда адашып калганын, үч күн мурун аэропорттон чыккан бойдон ачка экенин, ушул кафеде ага тамак бергенин, ошондой эле аэропортто чемоданын жоготуп алганын, ал жерде бирөө менен урушуп кеткенин айтты. Ал аэропорттон чыгып, автобуска түшүп, адашып кеткен»,- деди ишкер айым. 

Жазгүлдүн айтымында, ал Варнага программа боюнча бир нече ай мейманканада иштөө үчүн бара жаткан. «Биз анын апасы менен байланышууга аракет кылдык, бирок майнап чыкпады. Ал аэропортто таштап кеткен же жоготкон чемоданын айта берди. Менден Варнага билет сатып берүүнү суранды, мен макул болдум, ал паспортун жакын жердеги мейманканага таштап кеткенин айтты, бирок ал полицияга баргысы келген жок. Анын чемоданы полицияга кайрылганда гана табыларын айтып, көндүрдүм. Үйүмө чакырдым. Үйдө жарым саат эс алып, эжем менен сейилдөөгө кетти. Кийин уулум аны Хасанпаша полиция бөлүмүнө алып барган. Саат 19:30да полиция бөлүмүнө кирип, 23:30га чейин ошол жерде болуп, анан чыгып кеткен экен. Ошондон кийин мен аны көргөн жокмун. Биз жергиликтүү мейманканаларга чалдык, бирок ал эч жерде катталбаптыр», — деди Куртулуш.