Бардык облустарда Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган кинокербен болот

Кыргыз кино искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган жалпы республика боюнча кинокербен башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Болот Шамшиевдин кинокербени 1-апрелден тартып республиканын бардык облус борборлорунда жана Бишкек шаарында Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө болот.

Анда Шамшиев тарткан тасмаларды жана кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата кыргыз режиссерлорунун тасмаларын көрсөтүлөт.

Ошондой эле мекеменин айтымында бул кинокербен ноябрда Бишкекте жыйынтыкталат.