Большевик — Баялы Исакеев, Теплоключенка — Ак-Суу… Айрым айылдарды кайра атоо каралган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңештин жыйынында «Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Аталган мыйзам долбоору тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев маалымат берди.
Анын айтымында, мыйзам долбоору Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Таштак айылын Малкалды, Ноокен районунун Э.Алиев айыл аймагынын Параканда айылын Баракелде, Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Большевик айылын Баялы Исакеев, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Ынтымак айылын Шадыкан, Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Новодонецк айылын Айтматов, Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Козучак айылын Жанкороз Олуя, Беш-Таш айыл аймагынын Балбал айылын Жаныбек Баатыр, Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылын Сыйдалы, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Теплоключенка айылын Ак-Суу айылы деп кайра атоо максатында иштелип чыккан.
Муну менен катар, «Баткен жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. Аталган мыйзам долбоору Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Тогуз-Булак айыл аймагынын Бозогул, Чуй облусунун Аламүдүн районунун Байтик-Баатыр айыл аймагынын Иманалы Айдарбеков, Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагынын Боз-Бармак калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү максатында иштелип чыккан.
Андан тышкары, жыйында «Баткен жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө», «Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда жактырылды.