Боом капчыгайындагы желек өзгөртүлүп, боёлду (сүрөт)

Боомдогу тоо бетиндеги желекти сырдап, жаңыртуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

6-апрель күнү Боом капчыгайындагы тоо бетине түшүрүлгөн желек сырдалып, жаңыртылды. Аны Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, Кемин райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызматкерлери ошондой эле Ысык-Көл облустук мамлекеттик архитектура көзөмөл кызматынын адистери менен биргеликте ишембилик өткөрүштү.

Ишембиликтин жүрүшүндө жол боюндагы таштандыларды жыйнап, тоо бетин тазалашты. Анда архитекторлар өзгөртүлгөн тууну боёп көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.