«Борбор Азияда биринчи жолу». Медициналык академияда протез кулак жасалды (сүрөт)

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын медициналык борборунда биринчи жолу эки бейтапка дүлөйчөнүн же жасалма кулактын протези жасалды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти. 

Оториноларинголог, медициналык борборунун микрохирургу Шухрат Буваевдин айтымында, кандайдыр бир себептерден кулагынан ажыраган же тубаса кулагы жок төрөлгөндөр үчүн протес жакшы вариант болушу мүмкүн. Жогорку сапаттагы медициналык силикондон жасалган кулак протези сырткы көрүнүшү боюнча кадимки кулактан айырмаланбайт, конфигурациясын толугу менен кайталайт, табигый пропорцияларга жана түскө ээ жана тийүү сезимдери жагынан чыныгы адамдын терисине окшош. 

Протез кулак ал аял менен өспүрүм балага тагылган.  Белгилей кетсек, кулактык протездөө Борбор Азияда биринчи жолу жасалган, аны уникалдуу операциялар категориясына кошсо болот.