Бишкек шаарында Биринчи май районундагы Эркиндик бульварын реконструкциялоо иштери аяктады. «Бишкек жашыл курулуш» МИнын кызматкерлери бульвардын боюндагы Абдумомунов көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки газонду түшүрүүнү аяктап жатышат.
Эркиндик бульварынын аймагында сугат системасы толугу менен жаңы В2 арык лотокторуна алмаштырылып, жаңы автоматтык сугат системасы орнотулду. Жашылдандыруучулар бульвардын аймагын курулуш жана чарбалык таштандылардан тазалап, топурак тегиздеп, газон чөптүн үрөнүн себишти. Шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан Жибек Жолу проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин унаа токтотуучу жай уюштуруу менен жолду жана тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрдү. Эски асфальттарды түшүрүү иштери жүргүзүлүп, бордюрлар жана ирригациялык система орнотулуп, жолдун негизи даярдалып, асфальт төшөө иштери аяктады.
Мындан тышкары, Фрунзе көчөсү Эркиндик бульварынан Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө ирригациялык системаны орнотуу менен тротуар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Жумабек көчөсү Эркиндик бульварынан чыгышты карай 60 метр аралыкка ирригациялык система орнотулуп, жол бордюрлары жаңыртылды.
Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...
Көчмө жыйындын алкагында калаа башчысы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын аймагындагы демонтаж иштерин көрүп чыкты. Бул жерде жаңы бассейн куруу пландалууда....
Нарын районунун Ийри-Суу айылында жайгашкан М.Байдөөлөтов атындагы мектептин 7-классынын окуучусу А.Э.Э.нин өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалыматтын негизинде Нарын шаардык...
13-апрелде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо бөлүмү жана Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан биргелешкен рейд жүргүзүлдү. Иш-чарага «Бугу эне»...