Борбордук аянттагы башкы балаты алынууда

“Ала-Тоо” аянтындагы башкы балаты алынууда. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымат таратты.

“Бүгүн борбордук балатыны алуу иштери башталды. Алгач “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери ишин баштады. Андан соң мэриянын кызматкерлери оюнчуктарды жана башка жасалгаларды алып, кийин “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери ишке киришет”, — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, “Ала-Тоо” аянтындагы башка жаңы жылдык орнотуулар да алынып жатканы кошумчаланат.