Бороон-чапкында 3 чакырым алыстагы мектепке барып иштеген мугалимдин видеосу тарады

Кара-Кулжа районунун Ичке-Суу айылынан Терек-Суу айылына барып, мектепте иштеген 53 жаштагы мугалимдин видеосу тарады. Соцтармак колдонуучусу эжей келин болуп баргандан бери мектепте иштей турганын жазды.

«Суйкайган сулуу келин болуп баргандан бери ушул жолдо издери калып, өмүрүн билимге арнап, кесибин сүйүп, балдарга таалим-тарбия берип келет. Эки айылдын ортосундагы аралык 3 чакырым. Ичке-Суу айылындагы мектепте башталгыч класстын окуучулары гана билим алышат. Жогорку класстар Терек-Суу айылына барып, 3 чакырым жолду жөө басып өтүп окушат. Кышында бороон-чапкын, көчкү коркунучу бар», — дейт колдонуучу.