Конституциянын жаңы редакциясы 2020-жылдын 17-ноябрында коомдук талкууга коюлган вариантынан айырмаланаары чындык. Бул туурасында Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Serep.kg сайтына билдирди.
Анын айтымында, 80 депутат демилгелеген мыйзам долбоору дароо сынга кабылгандыктан, долбоорго алымча-кошумча киргизүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн.
«Конституциялык кеңешмеге мыйзам долбоорун карап чыгып, талкуулап, алымча-кошумча кылуу тапшырмасы берилген. Биз 2,5 ай талкууладык. Талкуулоо ишине эл өкүлдөрү, жарандык коом активисттери, юристтер катышып, миңден ашык сунуш келип түштү. Аларды эске алуу менен жазылган жаңы редакция 2-февралда Жогорку Кеңешке сунушталды. Биз депутаттарга караганда, ачык иштедик. Аягына өз фамилияларыбызды жаздык. «Мамлекеттик тилдеги текстинде каталар бар» деген доомат боюнча айтсам, Конституциялык кеңешмеге лингвисттерди дагы чакырып, алардын макулдугу менен жазганбыз. Ар бир пункт үчүн жооп беребиз. Жоопкерчиликтен качпайбыз. Жалкоолук кылып, талкууга катышпай койгон депутаттар кайра долбоор талкууга алынган жок деп кантип айтып жатышат? Депутаттар өздөрү таарынбасын, көпчүлүгү окубайт экен. Биз өз ишибизди кылдык, эми депутаттар колунда турган оокатты өздөрү каалагандай өзгөртө беришсин. Кандай кылып кабыл алат, же кабыл албайбы, аны өздөрү чечсин«, — деп билдирди Бөрүбашев.
Ал арада «Институт Медиа Полиси» өз карандысыз уюму Конституциялык кеңешме сунуштаган жаңы долбоор мыйзам боюнча 9-мартка чейин коомдук талкууда болушу керектигин айтып, коңгуроо кагууда.
«Жогорку Кеңештин расмий сайтына 9-февралда жарыяланган маалыматка караганда, Баш мыйзамдын 17-ноябрда сайтка коюлган долбоору Конституциялык кеңешме жөнөткөн долбоорго алмаштырылган. КР мыйзамдарына ылайык, нормативдик-укуктук актылардын долбоорун бир ай коомдук талкууга коюш керек эле. Демек, коомдук талкуу 2021-жылдын 9-мартына чейин уланышы керек болчу.