Бостериде 3 адам кулап түшө жаздаган «шайтан дөңгөлөк» убактылуу жабылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бостеридеги “Шайтан дөңгөлөк” аттракционундагы кооптуу абал боюнча комиссия иш алып барганын билдирди.

«29-июлда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын инспекторлору Бостери айылында жайгашкан “Колесо обозрения” аттракционунда кооптуу абал жаралгандыгы тууралуу маалымат боюнча тиешелүү чараларды көрүштү», — деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан атайын комиссия түзүлүп, аттракцион жайгашкан жерге барып текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, аттракцион ээсине төмөнкү талаптар коюлду:
  • Аттракциондо кооптуу абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн тийиштүү адистештирилген мекемеден техникалык корутунду алуу;
  • Кооптуу абалдын кайталанбашы үчүн аттракционду атайын адистери бар уюмдар тарабынан толук техникалык кароодон өткөрүп, тиешелүү корутунду алуу;

Жогорудагы талаптар толук аткарылганга чейин аттракционду иштетүүгө тыюу салынды.