Бостериде каза болгон 18 жаштагы жигиттин досу: «Станислав көлгө кесиптештери менен кеткен»

Кечээ, 27-июлда Бостеридеги «Алтын кум» эс алуу жайындагы аквапаркта 18 жаштагы жигитти суу соруучу түтүк соруп, каза болду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине каза болгон жигиттин досу төмөнкүлөрдү билдирди.

«Досумдун аты Станислав эле. Атасы каза болуп калган. 9 жаштагы иниси бар. Иниси да ден соолугунан жабыркайт. Көлгө кесиптештери менен кеткен»,- деди ал.

Ал эми апасы менен байланышканыбызда Бостериге уулунун сөөгүн алып келүү үчүн бара жатканын айтты. Ошол эле учурда социалдык тармактарга маркумдун сүрөтү жарыяланды.