Буга чейин социалдык тармактарда Бостериде көл жээгинде жайгашкан «шайтан дөңгөлөктө» эс алуучулар отурган бир кабинка капталдап оодарылып калып, ичиндеги адамдардын өмүрүнө коркунуч жараткан видео тараган.
Ошол учурда кабинканын ичинде болгон жарандар видео жарыялап окуя тууралуу айтып беришкен.
Алардын айтымында, мындай жагдайга аттракциондун операторлору жаппай койгон эшик себеп болгон. Алар аттракциондун эң башына жеткенде эшик ачылып, темирге тирелип калган мындан улам алар отурган кабинка кыйшайып баштаган.
Аларды ылдыйда турган милиция кызматкерлери байкап калып, аттракционду артка айландырышканда кабинка ордуна келип, андагы адамдар аман-эсен жерге түшүрүлгөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram









