«Боюм 1,2 метр» деген ырчы Адилет Уланбеков: «Мурда сонун эле басып жүрчүмүн»

Бул жолу биздин чыгармачыл топ Ош шаарындагы той-топурларда ырдап, таанылган жаш ырчы Адилет Уланбековдун үйүнө барып, кабар алдык. Ал сколиоз оорусунан улам, бою өспөй калганын айтат. Бул маекте ал жакында чет өлкөдө ден соолугуна байланыштуу операция жасатып келгенин жана алдыдагы кыял-максатары менен бөлүштү.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: МБАНК: 0776 76 14 41 ЭЛКАРТ: 9417 0894 4725 2447

«Мен 1998-жылы Кара-Кулжа районунда төрөлгөм. Кээ бири «белиңди чыгарып алган үчүн боюң кыска» дешет, айрымдар «апаңдын курсагында жатканда грыжа болуп калгансың» дешет. Төрөлгөндө 1 ай бешикке таңып коюшкан экен. Дарыгерлер айтып бешиктен алып, 3 жашымда баскан экем. Айылда кадимкидей эле мал кайтарып жүргөм. Атам бар. Апам каза болуп калган. Мен 6 айлык кезимден бери чоң энемдин колунда өскөм. Ош шаарында окууга тапшырдым. Окуп жүрдүм. Басып эле жүрчүмүн», — дейт ал.