Бүгүн, 5-декабрда саат 17:00дө Борбордук шайлоо комиссиясы №13, №16 жана №30-округдардагы добуш берүүнүн жыйынтыгын карайт.
Мындан сырткары, №3 жана №22 округдарынан катышкан талапкерлердин өкүлдөрүнүн арыздары каралат.
Күн тартибине ылайык, жыйынтыгы жокко чыгарылган №13 округдун айрым шайлоо тилкелериндеги участкалык комиссия төрагаларынын жоопкерчилиги каралат.
Кошумчалай кетсек, 13-шайлоо округундагы мыйзам бузуулар боюнча бир нече билдирүү БШКга түшүп, анын негизинде добуш берүү жыйынтыгы жокко чыгарылган.