БШК: «Дамира Ниязалиеванын добушу жокко чыгарылса, кайра шайлоо өтүшү мүмкүн»

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Дамира Ниязалиеванын добушу жокко чыгарылса, кайра шайлоо өтүшү мүмкүн экенин айтты.

Анын айтымында, ыкчам топко түшкөн фактылардын баары ИИМге жөнөтүлгөн. «Укук коргоо органдарына факты түшкөндөн кийин алар иш козгойбу же артка кайтарабы аны органдар чечет. Мыйзам боюнча, Дамира Ниязалиеванын добушу жокко чыгарылса, кайра шайлоо өтүшү мүмкүн. Бирок иштин жыйынтыгы чыккан соң, так анык болот. Азырынча так айтууга мүмкүн эмес», — деди ал.

Кечээ, 29-майда соцтармакка Ленин району боюнча өткөн шайлоодо эң көп добуш алган Дамира Ниязалиевага таандык делген аудио тарады. Анда агитатор менен добуш сатып алуу талкууланган. Түнү депутаттыкка талапкердин штабында тинтүү жүрүп, эшиги жабылып, мөөр басылды. Кылмыш иши козголду деп маалымдалып жатканы менен эч бир расмий орган маалымат бере элек. Дамира Ниязалиева өзү журналисттерге соцтармакка тарап кеткен аудионун монтаждалганын билдирди.