БШК жаңы Конституциянын тексти жазылган гезит чыгарат

Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы Конституциянын долбоорунун тексти камтылган гезит чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Гезит мамлекеттик жана расмий тилдерде 1,1 миллион нуска менен чыгат.

Чечим 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген Кыргыз Республикасынын референдумдарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жарандарга маалымат берүү максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, жаңы Баш мыйзам коомчулукта көп нааразычылыктарды жаратып келет. Юристтер, жарандык активисттер, айрым депутаттар тарабынан өлкөнүн негизги документи мазмунунан тартып, Жогорку Кеңеште кабыл алынышынан өйдө мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтышууда.