БШК: «Коронавирустук абал курчуп кетсе, кайра шайлоо жылдырылышы мүмкүн»

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы кайра шайлоо жылдырылышы мүмкүн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын берген маалыматы боюнча, коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Ооруну жуктургандардын саны өсүп жатат жана адистер июль айынын биринчи он күнүндө көрсөткүч эң жогорку чекке жетет деп божомолдошууда. «Эгер мындай көрүнүш улана берсе, биз үгүт өнөктүгүн жок дегенде бир айга жылдырууну сунуштайбыз», — деди БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров.

Ал жергиликтүү бийлик шайлоону уюштуруп, бардык күч-аракетти ушул өнөктүккө багыттагандан көрө, калктын ден соолугун сактоого көңүл бөлгөнү оң экенин кошумчалады.