Бишкек шаардык кеңештин төрагасы жол кирени бекитүү укугу мэрияга өтүшү керек деп эсептейт

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев жол кире баасын бекитүү укугу толугу менен мэриянын карамагына өтүшү керек деп эсептейт. Анын кайрылуусу Бишкек шаардык кеңешинин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. 

Ал социалдык тармактарда жана кээ бир маалымат агенттиктеринде коомдук транспорттун тарифин бекитүү боюнча шаардык кеңештин эч кандай функциясы жок экенин айтып, бул көйгөй үчүн жоопкерчиликти алгысы келбегенин кабарлагандыгын эске салып, өз оюн билдирди.

«Биринчиден, менин сөзүм контексттен суурулуп алынды. Экинчиден, мен коомдук транспорттун тарифин бекитүү маселесин эртерээк чечүүнүн негизги колдоочуларынын биримин. Ал эми шаардык кеңештин азыркы чакырылышы бул маселени чечүү үчүн толук жоопкерчиликти алышы керек деп ойлойм. Бирок мен бул маселени бир жолку эмес, системдүү түрдө чечүүнү колдойм», — деди ал.