«Буга чейин сизди адам катары, ырчы катары баалачумун». Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу ырчы Анжеликага жооп кайтарды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу депутат Сеид Атамбаев соцтармактагы баракчасына ырчы Анжеликага жооп катары пост жазды.

«Албетте урматтуу Анжелика, бийлик баш тартпайт. Анткени сценарийи эң мыкты болгон. Кеп биздин үйдө эмес, Сооронбай Жээнбеков менен анын «бандасынын» мыйзамсыз аракети жөнүндө. Адегенде үйдүн кожойкесинен, үй-бүлөдөн сурап, адамча сүйлөшүш керек болчу, анткени Алмазбек Шаршеновичтин балдары, неберелери бар! Мен сизди түшүнөм, бирок ар нерсенин чеги бар. Мен буга чейин сизди адам катары, ырчы катары баалачумун. Бирок сиздин «калпелешка» экениңизге ынандым. Башка сөзүм жок. Сиз деле кедей эмессиз. Менимче жетиштүү байлыгыңыз бар. Балким үлгү болгонду өзүңүздөн, особнягыңыздан баштайсыз? Кыргыздарда жакшы сөз бар! «Бүлүнгөндөн бүлдүргү албайт» дейт, аман эле болуңуз»,- деп жазды ал.

Ырчы Анжелика мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү мамлекетке алынганын айтып, үйүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берүүнү суранып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган.